“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Бала бакчанын шарты

25 Сентябрь 2014 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 99

Тоо-Гүлү балдар бакчасында иштеген тарбиячы Мундузова Зыйнат.

«Тоо-Гүлү балдар бакчасында 110дон ашык  наристе тарбияланат. Бала бакчанын шарты мурункуга караганда  бир аз жакшы. Бирок ойноо-аянтчасы тар кеңейтиш керек. Оюнчуктар аз баарына тегиз жетишпейт,көбүрөөк болсо жакшы болмок. Бакчанын шарты шаардагы бакчаларга караганда жетишпестиктер бар. Айылдагы наристелер көп болгондуктан бакчадагы тайпалар жетишсиз. Бакчанын короосун да тосуш керек»,-деди Зыйнат.

image

Тоо-Гүлү балдар бакчасында аш-позчу болуп иштеген Токтобаева Элмиранын айтымында:

Бакчадагы балдарга үч маал тамак берилет. Эртең мененки тамак сүттөн бышырылып нан чайы менен саат 10до берилет. Түшкү тамакта манты,аш жана башка балдарга жагымдуу тамак берилет. Азыр биздин көйгөйүбүз аш канабыз тар ошону кеңейтип берсе жакшы болмок.

image

Могол Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тагаев Замирбектин айтымында:

Чындыгында Тоо-Гүлү бакчасынын аш-канасы тарыраак. Келечекте аз аздан долбоор менен бүтүрүп жатабыз. Келечекте аны дагы долбоор аркылуу кеңейтүүгө аракет кылабыз. Бала-бакчадагы оюнчуктар жетишсиз. Жылдан-жылга бала тапшыруу көбөйүп баратат. Бирок имаратыбыз ошол эле бойдон турат. Имаратты кеңейтсек же жаңы курсак жакшы болмок. Бул маселе боюнча маалымат бар. Себеби биз дайыма бул иштин үстүндө иштейбиз. Ойноо аянтчасын,кудуктарын,ремонтторун баарын көзөмөдөп карап жатабыз. Кеңейтүүгө да,жаңы  имарат курууга  да аракет жасайбыз. Куруүнун пландарын киргизип долбоорлор аркылуу иштеп жатабыз. Кийинки,наркы жылдардан жаңы имарат курууга,турган имараттын үстүн тинике менен жабууга аракет жасап жатабыз планда бар.

image

Даярдаган:Курманбекова Алия