Сыдыкова Айзаданын жалгыз баласы жашоо турмушка байланыштуу Россияга кеткен. Небереси Айзада эженин колунда. Амантур атасына кетпей, чоң энеси менен каларын айтат.
Амантурдун атасы Россига кетип ооруп калган. Келип алты ай дарыланып, кайра кеткен.Азыркы учурда эки ай иштеген маянасын ала алай, өз мекенине кайта албай жүрөт.
Айзада эженин жалгыз баласы бар.Баласынын кызы жана уулу бар. Кызы энесинин колунда. Ал эми Амантур Айбек уулу чоң энесин апа деп калган. Себеби туулгандан баштап эле ушул жерде.
Чоң энеси кийимин, мектеп куралдарын сатып берет. Жаңы кийим алып берсе сүйүнүп калат.
Сабактан кийин талаага чыгып алма, жаңгак терип өзүнө акча табат.
Мектептен калбай, жакшы окуганга умтулат. Беш жана төрт деген бааларды алып окуйт.
Сабактан кийин чоң энеси жумуштан келгенче үй жумуштарын кылып, суу ташып коет.
Эгерде атасы алып кетем десе да кетпээрин айтат.
«Атам алып кетем десе да чоң энем менен калам. Эгерде мен кетсем апам жалгыз калат,»- дейт Амантур.
Айзада эже быйылкы «Мамлекетти бекемдөө» жылында президентке кайрылат.
«Президентибиз жаштарды жумуш менен камсыз кылса. Үй-бүлөсү менен бирге жашап, өз мекенинде иштесе. Балдары ата энесине, ата-эне балдарына куса болот, сагынат,-деди Сыдыкова.
Автору: Айсулуу Эркинбекова.