“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Сок жана вино заводу

29 Август 2014 жыл 6:38
Көрүүлөрдүн саны: 48

Жумушчулардын айтымында завод 1970- жылдан бери иштеп келет. Техникалар кымбат болгондуктан завод иштеп баштаганда алынып келинген боюнча азырга чейин иштетип келишет. Жумушчулар сезондо гана иштеп, жумуш жок мезгилинде үйүндө болоорун айтышат.

Азыр заводдон алма соктору чыгып жаткан учур. 25тен ашык жумушчу иштейт. Эл талаадан алма терип акча табууда.

Мавлянкулова Гүлбахар алманы элдерден алып, топтоп анан заводко сатканын айтат.

image

«Мен алманы Жай-Терек айылынын элинен  бир жарым сомдон алып, эки жарымга сатам. Күнүнө бир жолу келип алманы төгүп кетип турам. Бул талаа алма. Жакында үй алмаларды да ала баштайм.Өзү алма сатып эки ай сезондо иштейм,»- деп айтат сатуучу.

Заводдун жумушчусунун айтуусунда заводдун ээси жаңы аппарат алып берген.

image

«Төрт жарым миллион турган аппаратты Туманов алдырып берди.Ал сокту кайнатып берет. Ошол жерден сок бир, үч, беш литр пакеттерге куюлат. Литр сок 150 сомдон сатылат,»- дейт жумушчу.

Жумушчу Абдыкадырова сатып алынган алманы кургатып, кайрадан жыйнап алышарын айтат.

image

«Алманы атайын аппарат менен кесип бизге беришет. Биз күнгө жайып кургатып, кайра жыйнап алабыз. Кээде кышта заказ болсо вино да чыгарабыз. Ар он күндө 7-8 миңден маяна алып турабыз,»- деп маалымдайт Абдыкадырова.

image

Заводдун директору Гуламжан Рахматов соктун ден соолукка пайдасы бар экенин билдирди.

image

«Алма соктун ден соолукка пайдасы көп. Организимди тазалайт жана алсыроодо жардам берет. Азыр алмалар кургатылып жатат. Он бешинчи сентябрдан жаңы сокторду чыгара баштайбыз,- дейт директор.

Автору: Айсулуу Эркинбекова.