“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Мектепке спорт зал курулганы турат

28 Август 2014 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны: 48

№17 мектепте спорт зал жоктугунан окуучулар дене тарбия сабынан кыйналышчу. Мектеп директору бул маселени чечүүдө бир топ жылдан бери аракет жасап келген. Жыйынтыгында АРИС программасы 13 миллион бөлүп берип, элден эки миллион топтолуп,спорт залды куруу иштери башталуу астында турат.

Романов Көчкөн агай окуучулар спорт зал жоктугунан кыйналганын маалымдайт.

image

«Окуучулар жамгыр каар жааганда эшике чыга албай класста кыйналышат. Эшике чыкса буттары суу болуп, ооруп калгандар да болот»,-деди дене тарбия мугалими.

image

Өмүрзакова Давлет эжеке спорт зал боюнча көптөгөн жерге кайрылганын айтат.

image

» Мен жогорку кеңешке, каржы министерлигине жана башка жерлерге кайрылгам. Бирок алар жардам берген жок. Анан чет элдик программаларга кайрылдым. Ошолодун ичинен АРИС  жардам берип, мектебибизге спорт зал курулганы турат»,- деп эжеке малымдайт.

Айыл тургундары да шартына карап акчаларын беришкен. Элдерден эки миллион топтолгон.

Айыл тургуну Арпачеев  балдары, неберелери үчүн колунан келгенин кылууга дайым даяр экенин айтат.

image

«Мен спорт залга өзүмдүн жанымдан, жумуштагы жамаат менен да акча коштум. Ал эми келиним мектепте иштегендиктен өзүнчө кошту. Балдарымдын келечеги үчүн дагы башка нерселер курулса акчадан жардам бергенге даярмын»,- деп айтат айыл тургуну.

Кайрат  да спорт зал курулуп бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирет.

image

«Спорт зал тезирек курулуп бүтсө ысыкта кыйналбай, суукта үшүбөй, залдын ичинде ойнойт элем»,- дейт окуучу бала.

Ал эми айыл өкмөтүнүн айтымында спорт залдын акчасы элден кыйынчылык менен топтолуп бүткөн.

image

«Элден акча топтоо  оор болду.Топтолгон акча банкка төгүлдү. Тогузунчу сентябрда республикада тендер болуп, спорт зал он бешинчи сентябрдан баштап курула баштайт»,-деп маалымдайт Турдукулов.

Автору: Айсулуу Эркинбекова.