“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаш талант Шермат уулу Бакыт.

3 Июль 2014 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 34

Шермат   уулу  Бакыт 1999-жылы Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районунун, Ооган-Талаа айылында туулган. Учурда №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-классын аяктады, келечекте чоң скульптор болсом деген тилеги бар.  23

Бакыт чоподон ар кандай фигуралдарды, жаныбарларды жасаганды жакшы көрөт. Адамдын жүзүн так өзүндөй кылып жасап кое турган жөндөмү бар. Мындай нерселерди Бакыт беш жашынан жасап баштаган. Азырынча скульптураларды кызыл чоподон жасап келет. Башка материалды колдонуп көрө электигин айтты.

-«Мен жасаган буюмдар өзүбүздүн Ооган-Талаа айылындагы кызыл чоподон жасалган. Аны алып келип бышырып, жууруп, ырастап алып, андан соң жасай баштайм. Күндүн нуруна кургатам. Бирде ак  топурактан жасап көргөм, бирок   ал   туруксуз,   тез  эле   сынып   калган.  Чоподон   жасаганымдын себеби   жасаган  буюмдарымдын баары бузулбай   турат.  Ал  буюмдарга   суу  тийгизбесе   түбөлүкө  бузулбай   тура   берет» — дейт Шермат уулу Бакыт.

Адам, тынымсыз эмгектене берсе акыры пайдасы тийерине Бакыт терең ишенээрин айтат.

Кичүү класста окуп жүргөн кезде, мугалимдер Бакытка  Курманжан   Датканы   жасап   келүүнү   суранган. Ошондо Бакыт Курманжан Датканы абдан окшоштуруп жасап келген экен. Мугалимдер, агайлар Бакыттын таланты бар экенин ошондо байкашып, мектептеги ар кандай иш чараларга анын чыгармчылыгын көргөзмө катары колдонуп турушат.

image

Бакыт   талантын   мындан   ары  да   улантып келечекте  чон  скульптор   болоюн  деген   ою  бар. Ал белгилүү адамдардын бюстун жаратканды жакшы көрөт. Жараткан скультураларынын катарында Саякбай Каралаевдин, Курманжан  Датканын бюсттары бар.

image

Аманкулова   Рахат эже,  эки   уул,  эки  кыздын апасы. Бакыт  эң  улуусу. Ал эми атасы болсо  9-классты аяктагандан кийин скульпторлук  окуу  жайына   берем дейт.   image

Рахат эже, Бакыттын  мындай   таланты  бар   экенин   үч   жашында  эле  байкаган. Эже пластилинден  ар  түрдүү  жаныбарларды   жасачу экен. Бакытка пластилин менен иштегенди кичинекей кезинде эле үйрөткөн. Жаш баланын кызыгуусу бар экени биринчи күндөн баштап эле белгилүү болгон. Бакыт ар кандай нерселерди жасоого абдан дилгир. «Мен баламдын таланты өсүп, көп нерсеге жетсе экен деген үмүтүм чоң» — дейт Рахат эже. Кудайым кааласа скульпторлук окууда окуса экен деп максат коюп келет.
image

Автору:К урманбекова Алия, 9 класс