“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Окууга бала өзү кызыгышы керек

3 Июль 2014 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны: 57

Токтобаев Марат агай №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде соцпедагог болуп иштейт.

image

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде жалпы жонунан 612 окуучу окуйт. Айыл боюнча окубай калган бала окуучу жок.

Айлыбызда эки бала бар, алар майып болгондуктан, шартка байланыштуу мектепке келе албайт.

Балдарга атайын өкмөт тарабынан мугалимдер бекитилген, бир жумада эки жолу барып сабак өтөт.

Ташматова Марина №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде  химия мугалими болуп иштейт.

image

Ташматова Марина эженин айтымы боюнча, азыркы мезгилде окуучулардын сабакка болгон көз карашы ар кандай: «Кээ бир балдар кызыгуу менен келишет, келгенге  жараша бир нерсе үйрөнүп кетейин дейт. Ал эми кээ бирөөлөрү болсо эптеп күн өткөрүшөт. Ошол сабака кызыгы жок балдарды үйүндө ата-энеси көзөмөлдөбөйт. Мектепке  эртеси келгенде тапшырманы сураса аткарбадым деп жооп берет»

Марина эжекенин айтымында, азыркы балдарды зордуктап окутуу мүмкүн эмес. Окуучуларга мугалимдер жакшы эле деңгээлде билим берет . Эгерде ал бала берген билимди жакшы кабыл ала алса жакшы. Ал эми билимди жакшы сиңире албаган балдар да бар. Сабак өтүп жаткан учурда ою бөлөк жакта болот, тушүндүрүп бүтүп, — «Түшүндүңөрбү?» —  деп сурасак түшүнбөдүк дебейт. Айрымдары түшүнгүсү дагы келбейт.

Автору: Топчубаева Бакжайна