“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Мультимедиа борбору айылыбызга чоң жаңылык киргизди»

1 Июнь 2014 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны: 34

2014-жылдын 31-майында Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында жайгашкан Могол айыл округунун башчысы Турдукулов Эркин менен ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галичтин жолугушуусу болуп өттү. Жыйында мультимедиа борборунун айылга, жаштарга тийгизген таасири жѳнүндѳ кеп болду.

image

Айыл башчынын айтуусунда  жамааттык мультимедианын бул айылга абдан жакшы таасирин тийгизип жатат. Себеби мурда жаңылыктарды элдин үйүнө барып айтып турсак, азыр радио аркылуу угузуп турабыз. Андан тышкары бул борбор айылдын көйгөйлөрүн Интернетке чыгарып, аны чечүүгө жардам берет.

image

«Буга чейин бизде радио жок болчу. Жаңылыктарды айыл башчылары, ак сакалдар, аялдар жана жаштар комитети аркылуу билдирчүбүз. Кээде Жалал-Абад облустук гезит аркылуу таратчубуз. Азыр бизге жакшы болду. Себеби биздин айылга радио орнотулду, мультимедиа борбор иштеп жатат. Ошондуктан азыр жаңылыктарды элге интернет же радио аркылуу билдирип турабыз. Айына бир жолу радиону айыл өкмөтүнүн иши тууралуу алып барууга аракет кылабыз. Балдарга жаңылыктарды айтсак, алар радио, интернет аркылуу элге жеткизип турушат»- дейт айыл башчы.

Ммультмедиа борборунун иш шартын жакшыртуу максатында атайын бөлмө бөлүнүп берилди, жана мындан ары жакшыртууга аракет кылынаары айтылды.

Аталган мультимедиа борборунда иштеген болочок журналисттер үчүн дагы окуулар өткөрүлүп, тажрыйбасын арттыруу керектиги маек учурунда баса белгиленди.

«Мультимедиа борборунун иштеши-биздин айылдын жетишкендиги деп ойлойм. Ошол бөлмөгө көзөмөл болуп турганы бир мугалимди дайындап, ага айлык бөлүп берүүгө аракет кылабыз. Бир гана муну менен чектелбестен, бул долбоорду коңшу 6 айылга орнотсок деген оюбуз бар»-дейт Эркинбек  Турдукулов.

image

Автор: Чолпон Биймурзаева