БУУнун жардамы менен «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына ойноо аянтчасы курулган. Аянтча бүтүп отузунчу майда анын ачылышы болуп өттү.
Бул жерге ата-энелер, айыл өкмөтү катышып, бакчадагы балдар чакан концерт коюп беришти. Бул бакчада 110 бала тарбияланып, бир жарым жаштан алты жашка чейин тарбияланат.
Бириккен улуттар уюмунун Жалал-Абад боюнча региондук адиси Мирлан Молдобеков: Бул долбоорго ЮНИСЕФ тарабынан балдар аянтчасына 135 миң сом берилди. Айыл өкмөтү жана жергиликтүү жамааттын салымы да чоң. Бул айылга биз мультимедиа боборун ачып бердик. Жана жакында электрондук китепкана бир айдын ичинде ачылып, ишке ашат,- дейт адис.
Айылдык кеңештин депутаты Жумабаева Кадичанын айтымында мурун бул бакчада иштегендер мындай майрам өткөн эмес:
«Бакчанын да жагдайы, мурункуга караганда жакшы. Ойноо аянтчалар эскирип калган болчу. Эми баары оңдолуп, жакшы болуп калды».
Бул майрамда ата-энелер да активдүү катышып, балдары үчүн кубанып жатканын айтышат.
Балдар үчүн ар түрдүү оюндар болуп майрам аябай көңүлдүү уюштурулду.
Алты жаштагы кыздар бул майрамга активдүү катышып, ар түрдүү номерлерди аткарганын кубануу менен айтып жатышты.
«Бүгүн биз бийледик, ырдадык, жомок аткардык. Бакча бизге жагат, досторубуз көп, бири-бирибиз менен ойнойбуз. Бүгүн балдар майрамы аябай жакшы өтүп жатат»,- дейт бакчадагы кыздар.
Автору: Айсулуу Эркинбекова