“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн абалы өтө начар.

31 Май 2014 жыл 12:06
Көрүүлөрдүн саны: 61

Жалал-Абад облусунун, Ооган-Талаа айылынын маданият үйүнүн абалы өтө начар.Чатырдан суу өтөт, такталары чыгып чирип кеткен. Ошого карабай бул жерде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө туура келет.
image
Ооган-Талаа айылынын, мадаият үйүнүн жетекчиси Осмоналиев Байышбек:
Азырынча иш шартыбыз орто,  толук ремонт боло элек. «Арис» долбоору аркылуу кыйла иш аткарылды. Мисалы 562 277 сом сарпталып маданият үйүнүн тегерегин темир тосмо менен тосуп, 517 808 сомдук инверторлорду алдык, ал эми китепкананы толук ремонттон чыгардык. 3-долбоорубузда «Арис» аркылуу музыкалык апаратураларды сатып алдык, жалпы суммасы 242 161сом. Бирок бул менен ремонтубуз толук бүтө элек. Маданият үйүнүн чатыры эски бойдон турат жана полдорун оңдош керек. Маданият үйүн оңдоп бергиле деп, айыл өкмөткө, «ПРООН» уюмуна кайрылдык,  азырынча иш баштала элек. Бул маселени биздин мамлекет чече албаса керек. Чет элдик инвесторлор менен иштесек чечилип калаар. Бул жерде кокустук боло элек. Бир айда маданият үйүндө 4-5 жолу иш-чара өткөрүлөт.
image
Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Дөлдөев Муктар:
Мен 2006-жылы ишке кирген убакта «Арис » агенствосунун долбоорун иш жүзүндө баштаганбыз. 2008-жылы ушул маданият үйү долбоор менен баштан аяк оңдолгон. Ал жерде отургуч деген болгон эмес экен, отурганга шарт жок эле. Апаратура болгон эмес, айнектери, эшиктери сынган, полдору ремонт талап кылып калган, өтө жаман абалда болчу. Ошол чоң залына 180 орундуу отургуч, стол, стул сатып алып берип, ремонтторун бүтүрүп, китепкананы дагы оңдоп бердик. Азыркы учурда чатырын оңдоого долбоор бердик жообу келе элек. Азыр бак-дарактарды, гүлдөрдү отургуздук.
Маданият үйү жакшы болуу үчүн сөзсүз түрдө шарт болуу керек. Окуучулар жана көрүнүктүү жылдыздар келишет, аларга жакшы шарт керек, ага айыл өкмөттүн каражаты жетишпейт.
image
№17.Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Кубанычбек кызы Мираида:
image
Маданият үйүнүн начарлыгы бизге чоң таасирин тийгизет. Ал жердеги отургучтар жаман абалга келип калган, полдору эскирген. Бир айда бир же эки жолу барабыз. Маданият үйү ремонттолсо жакшы болот эле. Кийим алмаштыруу жайынын полу эскирип түшүп калган, айнектери сынып, эшиктери жаман абалда.
image

Автор:
Жылдыз Ибрахим кызы.
Жайлоокан Анарбек кызы.