“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кыялым орундалбай калды

31 Май 2014 жыл 10:18
Көрүүлөрдүн саны: 55

Акжигит уулу  Майрамбек Жалал облусунун Оогон Талаа айылында жашайт. Үч бир тууган. Ата энеси Жалал-Абад шаарында дукөн иштетет.

Мектепти абдан жакшы көрөм.  Мектепке калтырбай барам. Бирок айрым учурда качып кетүүгө туура келет. Себеби кеч жатып чарчап калам. Мектепте 6 саат окуйбуз. Мен сабактардын баарына эле кызыгам, бирок көбүнчө дене-тарбияга сабагынан кызыгам. Фото0468

Үйдөгү иштерди жасаш керек. Мектептен келип тамактанып, малды суугарып талаага айдайм. Ал жактан келип суу ташыйм. Үйдөгү иштерге көп убакыт келет.

 

Кружоко барууга дагы убакыт табам. Сууну ташып бүтүп дене-тарбия жана кыргыз-тил кружогуна барам. Бирок кружокторго дайым эле бара бербейм. Аткени  кээ бир күндөрү үйдө иштер көбөйүп кетет. Үйдөгүлөр кружоко барышыма каршы болушпайт, үйдөгү иштерди кылып коюп бара бер дейт.

Фото0467Бала кездеги кыялым — футбол. Мен көбүнчө футбол оюнуна кызыгам. Бул оюнду күндө эле ойной бербейм. Колум бошогондо эле ойнойм. Мен келечекте футболист болгум келет. Бирок мен кечигип калдым окшойт. Үйүмдөгүлөр кызыкчылыгыма эртерээк көңүл бурушканда балким мен чоң футболист  болот белем деп өзүмчө ойлоном. Кристиан Рональдо менин кумирим.Фото0469

 

 

 

 

 

Кыздарды аяш керек. Себеби алар назик болуш керек.

Маектешкен Турсунбаева Синарида.