“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Май айынын 2-5-9-күндөрү өткөзүлө турган «Чакка Мазар»

6 Май 2014 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны: 65

Айыл тургунунун айтуусу боюнча Чакка Мазарга барып сыйынуу, эзелтеден бери салтка айланган. Кээде ал жерге жаш балдардын тушоосун кескени да барышат.

image

Базаркулова Лариса Ооган-Талаа айылынын тургуну. Сыйынучу жер жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.

image

» Мен Чакка Мазарга жаш кезимден бери барам. Мурда ата-энем менен барсам, азыр балдарыма мектептен уруксат сурап алып барам. Адамдар бул жерге үй-бүлөсү менен келип, токоч бышырып, тамак жасап олтурушат. 2-майда сыйынуу үчүн келишсе, 5-9-май күндөрү майрамды тоскону келишет. Жылдын калган күндөрү бул жерде жаш балдардын тушоосу кесилет.

image

Бул жерде үңкүр бар. Ошол үңкүрдүн суусун ичип, бети-колун жуушат. Жада калса ошол суудан үйүнө алып кетишет. Элдер бул сууну даарылуу дешет.

image

Чакка Мазарга көптөгөн жаштар да келишет. Алар алгач үңкүргө кирип анан талаага айланганы чыгышат. Андан соң бийлөөчү жайга барып бийлешет.

image

Автор: Чолпон Биймурзаева