“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Мыкты ишмер аял

30 Март 2014 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 77

Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн төрөт жашындагы келин-кыздарды тейлеп келет. Ошону менен бирге ҮДТда (үй-бүлөлүк дарыгер тобу) иштейт.

image

«Мен 1988-жылы Ооган-Талаа айылына акушер-гинеколог болуп ишке киргем. 26 жылдан бери ушул жерде иштеп келе жатам. Түндү-түн дебей чарчоону билбей иштедим. Айылыбызда башка акушер-гинеколог жоктугуна байланыштуу, түңкү чакырууларга барып, кан басымы көтөрүлгөн же түшкөн, төрөй албай кыйналган жана кан кеткен кош бойлуу аялдарга ар дайым жардам берүүгө аракет кылам. Кылган кызматым үчүн мамлекет тарабынан2012-жылы саламаттык сактоонун «Ардактуу кызматкер»-деген наамга ээ болдум. Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Анткени аздыр-көптүр болсо да, элибизге жардам берип жатам.»

image

«Менин беш кызым эки уулум бар. 2009-жылы мага «Баатыр эне » наамын беришти.  Себеби азыркы заманда жети баланы эмес бир баланы да багуу оңой эмес. Азыркы жаштар эки же үчтөн балалуу болушат. Жаштарга айтаарым көп балалуу болуп, кыргыз элдерин көбөйткүлө!»

image

Автор: Чолпон Биймурзаева