“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Бешинчи март ак калпактар күнү

5 Март 2014 жыл 13:48
Көрүүлөрдүн саны: 79

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды-кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.

image

Жергиликтүү төрөт үйнүнүн мээрман айымы Зарифа Эркинова бул күн жөнүндө төмөнкү нерселерди билдирди.

«Эркек кишилер жана балдар деги эле бул күнү эмес башка күндөрү да ак калпак кийүүсү зарыл. Биздин  айылда эле эмес мектепте да бул күнгө ак калпак кийип келишет. Жада калса кыздар да белекке ак калпак беришет. Эмнеси болсо да өз баш кийимибизди башка улуттун баш кийимине алмаштырбообуз керек»-дейт мээрман айым

image

Ооган-Талаа айылынын тургуну Көчөрөв Калмурат ак калпак жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.

» Азыркы күндө ак калпакты тойлорго жана башка жерлерге гана кийишет. Айлыбызда гана эмес деги бүткүл кыргыз элинин болжолу менен төрттөн бир пайызы ак калпак кийүүсү мүмкүн»-дейт Көчөров Калмурат.

image

Абдирешова Сүйүмкан Кызыл-Үнкүр айылында почтачы болуп иштейт. Бул күнгө карата төмөнкүлөрдү билдирди.

» Азыркы учурда кыргыздын улуттук кийимдери жоголуп бара жатат. Мисалы: ак элечекти таптакыр кийбей калышкан. Биздин айылда ак калпакты чөпкө чыкканда күндөн сактануу үчүн гана кийишет»- дейт айыл тургуну.

Автор: Акмарал Биймурзаева жана Чолпон Биймурзаева