“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Айыл тургундары кыштын суугунан улам отун ташууда

4 Март 2014 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны: 36

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кыш оор келди. Февраль айында аба ырайы кескин түшкөнүнө байланыштуу отун жетишпестигин маалымдады.

image

Ооган-Талаа айылынын тургуну Ырыслы эже кыш мезгилиндеги оорчулуктар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.

» Биз үй-бүлөдө жети адам жашайбыз. Мен пенсионермин, ал эми күйөөм жана балдарым иштебейт. Пенсия үй-бүлөмдү бакканы араң гана жетет. Кээде ашкан акчага беш-алты кап көмүр алып коём. Ошол көмүрдү кийинки айга жеткизүүгө аракет кылабыз. Быйыл кышка отун көп камдай албадык. Жаз мезгили өз убагында келсе экен деп күтүп атабыз»- дейт Ырыслы эже.

image

Дагы бир айыл тургуну Турдукулова Жайлоокан кыштын кескин өхгөрүүлөрү жөнүндө айрым нерселерди билдирди.

» Эмнегедир кышта аба ырайы кескин өзгөрүп турду. Бул жылы эки машина отун алууга жетиштик. Бирок ошого карабастан 180 сомдон 30 кап көмр алдык. Чындыгында быйыл кыш оор болду. Айлыбыздын айрым тургундары кыштын суугуна карабастан отун ташып жатышат»-дейт Жайлоокан Турдукулова.

image

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары кыштын суугу жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып беришти.

» Мектепке бара жатканыбызда аба ырайы өтө төмөн болот ал тургай биздин класстын жылыткычы да иштебейт. Классыбызда курткачан олтурабыз жада калса сууктан баш кийимибизди да чечпейбиз»-дейт 11-класстын окуучулары.

image

Автор: Акмарал Биймурзаева