2014- жылы Могол айыл аймагындагы айылдарда төмөнкүдөй жумуштар аткарылмакчы:
Январда: №15 Жумвлы орто мектебине, №6 Тоо-гүлү балдар бакчасына эмеректерди алуу.
Февралда: Могол айыл округунун аймагындагы орто мектептин окуучуларына ысык тамак берүүнү камсыз кылуу үчүн электр жабдууларын алуу.
Матта: Чарбак айылындагы №16 Рахманов орто мектебине жаңы имарат курууга жардам берүү. №6 Тоо-гүлү балдар бакчасына ойноо аянтчасын куруу.
Апрелде: Могол айыл аймагындагы жол бойундагы бак- дарактарды актоо, айылдвгы,ички арыктарды чабуу.
Майда: Ооган-Талаа, Чарбак, Көк-тоңду айылдарына келүүчү сугат суу арыгын чабуу жана арыктардын сел баскан жерин оңдоо.
Ар жумада айылдарда ишенбилик өткөрүп туруу.
Июнда: Кызыл-суу айылына келүүчү сугат суунун арыгына труба коюу. Чкалов, Кара-ой айылдарына баруучу жолду оңдоо.
Июлда: Могол айыл округундагы мектептерди ремонттоо. Кызыл-суу айылына унаа өтүүчү көпүрө куруу.Катыраңкы,айылындагы сел жеп кеткен жолдун жанындагы аңды толтуруу. Чарбактан сарай участкасына өтүүчү,көпүрөгө дамба куруу.
Август, сентябрда: Көк-тоңду айылынын Т.Артыкбаев көчөсүнө шагыл төгүү, 2458м. Могол айыл аймагына караштуу мектептерди, бала
бакчаларды кышкы 2014-2015-жылга,отун, көмүр менен камсыз кылуу.
Автору: Эркинбекова Айсулуу, Биймурзаева Чолпон.