“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа:Кыштын суук күндөрүндө адамдар эмнелер менен алек болду?

18 Февраль 2014 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны: 56

Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Жумакан Жумалиева кыштын аруу таза күндөрүндө өзүнүн үйдө олтурганын жана балдарынын жылгайак тебишкенин айтып өттү.

«Кышында мен үйдө эле олтурам кенже баламды карап.Чоң балдарым болсо мектептен келип эле  кыштын суугуна карабастан жылгайак тебишет»,- дейт Жумалиева.

Жумакан Жумалиеванын баласы Жумабай Манапов жылгайак тепкен аябай сонун экенин малымдады.

«Суук болсо да жылгайак тепкен аябай сонун.Мен эле эмес бул жерде көптөгөн балдар тебишет.Көп болуп тепкендиктенби же башкаданбы,билбейм иши кылып кызыктуу болот жана үшүгөнүбүздү билбей калабыз»,-деп айтты Жумабай.

Бул айылдын дагы бир тургуну Элзира  Каныбекова жана анын курбу кыздары жылгайакты жаш балдар гана эмес чоңдор деле тепсе кызыктуу болорун кубануу менен малымдашты.

«Кыш болгондон кийин кыштында кызыктуу күндөрүн көрүшүбүз керек.Бизда 2014-жылдын 20-21-январь күндөрүндө мектептен келип жылгайак тепкени чыктык.Чоңдор да жылгайак тепсе аябай сонун жана кызыктуу болот экен.»,- дешет Элзира жана курбулары.

Автор:Синарида Турсунбаева.