“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: №17 мектептин окуучулары бий конкурсуна катышып мыкты ийгиликтерге жетише алды

18 Февраль 2014 жыл 16:38
Көрүүлөрдүн саны: 62

Мектеп директору бул конкурс атайын келечекте окуучулардын арасынан бийчилерди тандап алуу үчүн уюшулганын билдирип өттү. Катышкан бийчилер өздөрүнүн кубанычын тең бөлүшүп, абдан сүйүүнүү менен айтып жатышты. Жана ошондой эле үч түрдөгү бий болуп, эң жакшы деп индия бийи аталып, калыстар тобу тарабынан эң жогору баалар менен бааланганын айтат, -бийчи кыздар.

image

Мектеп директору Давлет Өмүрзакова конкурс жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Бул конкурсту маданият министерлиги тарабынан атайын келечекте окуучулардын арасынан бийчилерди тандоо жана алдынкы орунга чыккан бийчилер бир топ башка өлкөлөргө  өз өнөрүн тартуулап келүү үчүн уюшулган, -деди Өмүрзакова.

№17 мектептин алтыдан тогузга чейинки бий конкурсуна катышкан окуучулары өздөрүнүн жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти.

image

Конкурс аябай кызыктуу өттү. Бул конкурска мыкты бийчилер ар кайсы,жерлерден келип катышышты.Аларды көрүп биринчи орунга жетпей калабызго дегем. Бирок акырында биз жеңип кеттик. Ошондо мен аябай кубанып районго даярдана баштадым, — дейт бийчи Абдували кызы Оматай.

image

Бул конкурс жөнүндө эжекемден угуп, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Ошентип он окуучунун ичине мен да кошулдум. Биз кыргыз, индия жана хип-хоп бийине бийледик. Бийлерибиздин ичинен индия бийсин мыкты деп табып, калыстар эң жогорку бааларды коюшту, — деп маалымдайт алтынчы класстагы Айжана.

image

Мен бул конкурска катышканыма абдан сүйүнүп жатам. Себеби кичине кезимден эле бийге кызыкчумун. Мына эми ушундай конкурска катышып, сегиз мектептин ичинен биринчини алып, районго барып, ал жактан көптөгөн бийчилерди ичинен экинчи орунга жетишип олтурабыз, — дейт конкурска катышкан кыз.

Бизге ушундай шартты түзүп берген ушул конкурстун уюштуруучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, — деп кубануу менен айтып беришти бийчилер.

Автору: Эркинбекова Айсулуу.