“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Талжырга көчөсүндөгү жардын көчпөөсүнө ишенич жок.

4 Февраль 2014 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны: 65

Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндө чоң жар бар. Ал жар мурун көчүп көптөгөн элди үйсүз калтырганын жана көчпөйт деп эч ким айта албаганын айыл тургундары маалымдады.

image

Ооган-Талаа айылынын тургуну Турсунбай Ормонов жар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Бул  жар мындан көп жылдар мурда көчүп көптөгөн адамдардын үйлөрүн басып адамдарга зыяндарды алып келген.Ал жардын көчүүсүнө эл өзүбүз күнөлүүбүз. Эгерде дарактарды кыйбаганыбызда, ал жар көчпөйт болчу. Эми ал жарды көчпөйт деп эч ким айта албайт»-дейт Турсунбай Ормонов.

image

Атаматов Өскөнбай Ооган-Талаа айылында фельдшер болуп иштеген,азыркы учурда пенсионер.Жар жөнүндө төмөндөкүлөрдү
билдирди

«Бул жар биринчи 1969-жылы каттуу жамгыр жааганда көчкөн. Ошондо көчкү төрт үйдү басып калган жана аларга өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлгөн.2001-жылы көп кар жааганда жар кайрадан көчүп түшкөн.Азыр жамгыр каттуу  жааганда  жардан сел  түшүп,үйдүн  алды  суу болуп калат. МЧС кызматкерлерине ырахмат! Алар бизге качан каттуу жамгыр жааганын айтып турушат.»-дейт Өскөнбай Атаматов.

image

Мыктар Дөлдөев Ооган- Талаа айылында айыл башчы болуп иштейт. Жардын көчүүсү, көчпөөсү жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Көчкү төрт үйдү басып калган. Үйү көчкү астында калган адамдарга акча жана жер тарабынан өкмөт жардам берген. Алар башка коопсуз жерге көчүрүлгөн.МЧС-кызматкерлери келип жардын узундугун өлчөп, башка кооптуу жерде жашаган элдерге жардам берип атат. Жардын узундугу 1510метр экен. Жаз айларында жардын баардык жагына көчөт отургузабыз. Ошондо көчпөсө керек»-дейт Мыктар Дөлдөев.

image

Автор: Чолпон Биймурзаева, Синарида Турсунбаева.