“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган- Талаа: Студенттик кезинен эле ыр жаза баштаган 70 жаштагы мугалим

12 Декабрь 2013 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны: 57

Кырк жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп келе жаткан Болотбек Тиркешов агай ырларды жаратууга студенттик кезинен кирише баштаган.Ушул убакка чейин көп, ар түрдүү темадагы ыр саптарды жаратып келет.Өзү сүйүп дайыма кайталап жүргөн ыры нооруз майрамы жөнүндөгү ыр. 

«Эң алгачкы ыр саптарымды институтту бүткөндө  курсташтарыма арнап «Курсташтарыма», — деген ырды жаратканмын.                                                    Мени өзү көбүнчө кызыктырган темалар:Ата-Журт, эне жана өзүмдүн сүйүктүү мектебим жөнүндөгү ырлар».

image

«Ырларды жаратууда кыйынчылыктарга дуушар болом.Ыр жазуу оңой сезилгени менен бул ырдын ритми, рифмасы, мазмуну айтайын деген ой менен айкаш келиши керек. Жакпаган жерлерин оңдоп, өзүң жактырганда гана ыр акырына жетет».

image

«Мен акындардын ырларын сүйүп,  кызыгып окучумун. Мен да ушундай ыр саптарды жаратсам деп кыялданчумун. Ошентип аста-аста ыр жазууга кирише баштадым».

image

«Өзүм жараткан бардык ырларым өзүмө жагат. Ошолордун ичинде Ооган-Талаага арнаган ырым да бар. Ал эми өзүм сүйүп, дайыма кайталап жүргөн ырым ноорузга арнаган ырым».

«Нооруз» :Теңелип күн менен түн,      Бак дарак байлап бүчүр. Кубулжуп не бир сонун, Жаңырды татына үн. Ыр болуп ага берсин, Калкыма деген сүйүүм. — Бул ырымды жаркырап жаз келгенде, кубанычым койнума батпай турган кезде жаратканмын»

Автору: Эркинбекова Айсулуу