“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Жаңгактын пайдалуу жактары.

26 Ноябрь 2013 жыл 7:31
Көрүүлөрдүн саны: 68

Дүкөнчүүлөрдүн айтымында быйыл жаңгак көп болгонуна байланыштуу, жаңгактан өткөн жылга салыштырмалуу көп пайда табылууда. «Эгерде жаңгактан маңыз чыгарса мындан да көп пайда тапмакпыз»-дейт дүкөнчү.

image

Айыл тургуну Бердибеков Кеңештин айтымында быйыл жаңгактан көп пайда табышкан.

«Быйыл дүкөн ачып, жаңгак сатып ала баштадым. Дүкөндөн түшкөн акчага караганда, жаңгактан маңыз чыгарып абдан көп акча таптым. Жаңгактын килограммын алтымыш сомдон алып, маңызын үч жүз сомдон саттым»-деп түшүндүрдү Бердибеков.

image

Абдирешова Бактыкан Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүндө врач болуп иштейт. Ал айым жаңгактын пайдалуу жактары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Жаңгактын маңызы,кабыгы жана ички чел кабыгы адам баласы үчүн абдан пайдалуу. Маңызынан май, кабыгын кургатып кышында отун кылса болот. Ал эми ички чел кабыгын кайнатып даары кылып ичишет»-дейт врач айым.

image

image

Автор: Чолпон Биймурзаева