“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Бокол көчөсүндө суу жок болгондуктан адамдар кыйналууда.

16 Ноябрь 2013 жыл 6:40
Көрүүлөрдүн саны: 31

Бул көчөдө суу чыкпагандыктан жашоочулар ар кайсы алыс жерлерден суу алып келүүдө.Айыл тургуну Нурлан Турсунбаев   айтымында 2014-жылдын май айларында суу  чыгышы күтүлүүдө экендигин маалымдады.

Бул көчөнүн жашоочусу Аксал Жалилбеков
6-7-жылдан бери суу жоктугун айтып өттү.

«Көчөбуздө 6-7-жылдан бери суу жок.Суу чыкпагандыктан коңшу көчөлөрдөн сууну ташып жатабыз»,-дейт Аксал.
           

Бул айылдын дагы бир тургуну Жумакан Жумалиева жаш баласын кошунасынын үйүнө таштап кетерин айтты.

«Чоң балдарым мектепке кеткенде жаш баламды кошунамдын үйүнө, жада калса өзун жалгыз үйгө таштап кетүүгө мажбур болом.Өзүбүздүн көчөгө суу чыкса жакшы болмок»,-деп айтты  Жумалиева.

Айылдын тургуну Нурлан Турсунбаев 2014-жылы суу чыгышы мүмкүн экенин маалымдады.

«2014-жылдын май айларында көчөбүзгө суу чыгышы мүмкүн.Ошондуктан 2014-жылды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,-дейт айыл тургуну Нурлан.

Автор:Синарида Турсунбаева