“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Мультимедия борборунун айрым мүчөлөрү жумуш издеп Орусияга кеткен

8 Ноябрь 2013 жыл 14:17
Көрүүлөрдүн саны: 61

Жумушсуздуктун айынан Оооан-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы Диана Турсунбаева мектепти аяктаган соң Москвага кеткен. Ошол эле борбор жетекчисинин орун басары Марат Токтобаевдин билдиришинче, алардын кабарчылары көтөргөн темаларынын жардамы менен айылда бир топ маселе чечилген.

image

Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Нурлан Ормоновдун кызы менен жубайы Москва шаарына иштегени кеткен. Анын кызы Диана Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы болуп иштечү.

«Жумушсуздуктан аялым менен кызым Орусияга кеткен. Алар туугандарыбыздын жанында. Ооруканага ишке жайгашышып, азыр иштери жакшы»,-деп айтып берди Ормонов.

Ооган-Талаадагы мультимедиа борборунун жетекчисинин орун басары Марат Токтобаев билдиргендей, алардын борбору төрт айдан бери иштеп келет.

Ушул убакыт ичинде кабарчылары айылдын ар кандай маселелерин козгоп, алардын ичинен бир канчасы чечилген.

image

«Биздин кабарчылар козгогон тогуз маселенин ичинен үчөө иш жүзүнө ашырылган. Жол оңдолуп, мектеп чатыры жабылып, анан таза суу маселеси чечилди»,-деп айтып берди Токтобаев.

Автор: Назгүл Абдымалик кызы