http://oogantalaa.kyrgyzmedia.com/wp-login.php
Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу,ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап,жумушка барууга аргасыз болушууда.Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.
Тарбиячы Айнура Тажибаева Балдар бакчасы 28-майдан бери балдарды кабыл албай жатканын айтып өттү.
«Бала бакчада 28-майдан бери балдарды кабыл албай жатабыз,себеби ЮНИСЕФ тарабынан тамырланууда»,-дейт тарбиячы.
Мугалим Алтынай Токтосунова Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу,баласын жада калса көчөгө да таштап кетээрин айтты.
«Жумушка барганда баламды караганы эч ким жок болгондуктан,көчөгө таштап кетүүгө мажбур болуп жатам»,- дейт Алтынай Токтосунова.
Жетекчи Фарида Замирова 2013-жылдын 1-сентябрында ачылаарын маалымдады.
«2013-жылдын 1-сентябрында балдар бакчасы ачылышы күтүлүүдө»,-деп айтты жетекчи.
Автор:Синарида Турсунбаева