Нургазы Мурзакулов Москвадагы курулуштардын биринде иштеп келип, Honda үлгүсүндөгү авто унаа сатып алган. Азыркы учурда алган унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кайрадан барып там салып жана магазин курууну пландаштырууда.
«Буга чейин ARIC те оператор болуп иштегем».
«Иштеген ишимде маяна аздыгынан ал жака барып иштеп келейин дегем».
«Россиянын Москва шаарында түрктөрдүн фирмасында стройкада иштейм. Айына 20000-25000 маяна алчумун. […] Бир сезондо барып «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа сатып алгам».
«Кудай буйруп барып калсам там салып, магазин курайын деген ойлор бар».
«Азыркы учурда алган машинам менен жүргүнчүлөрдү ташып жаткан кезим».
Автору: Акмарал Биймурзаева