“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан айылда туруктуу свет берилбей жатат

24 Июль 2013 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны: 28

Ачы участогуна караштуу РЭСтин өкүлү Токтогул ГЭСинде суунун жетишпестиген электр энергия өчүрүлүп жатканын маалымдады. Мындай абал айыл тургундарынын жашоосунда тоскоолдуктарды жаратууда.

image

Айыл тургуну Айпери Балтабаева свет көпкө өчсө баласы ачка калаарын белгиледи.

«Менин жаш балам бар, сүтүм аз болгондуктан балама каша кылып берем. Эгерде свет көпкө чейин өчө турган болсо балам ачка калат», — деди Балтабаева.
image

Дүкөндүн сатуучусу Гүлназ Сатыбалдиева электр энергиянын өчүшүнөн улам азык-түлүктөр бузулуп жаткандыгын айтты.

«Свет өчкөндө муздаткычтагы бал муздактар ээрип кеткендиктен сатып алуучулар азаят», — деп сатуучу айым арызданды.
image

Жергиликтүү төрөт үйүнүн мээрман айымы Зарифа Эркинбаева айымдар төрөө үчүн күнү-түнү келгендиктен свет өтө зарыл болгондугун белгилеп өттү.

image

Базар- Коргон районунун РЭСине караштуу «Ачы» участогунун инженер- реализатору Тяншань Өмүрзаков свет өчүрүү боюнча
муниципалдуу мекемелерге гана кабар берээрин айтты.

«Быйыл Токтогул ГЭСинде суу аз болгондуктан светти маал- маалы менен өчүрүүгө туура келди. Анткени кышында светсиз калышыбыз мүмкүн», — дейт Өмүрзаков.

image

Авторлор: Акмарал Биймурзаева жана Альфира Нурдинова