“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Спорт залдын жоктугунан мектеп окуучулары кыш мезгилинде дене-тарбия сабагын класста өтүшөт

24 Июль 2013 жыл 12:49
Көрүүлөрдүн саны: 61

Дене-тарбия сабагы жылуу мезгилдерде гана спорт аянтчасында өткөрүлсө, ал эми кыш мезгилинде спорт зал жоктугуна байланыштуу класс ичинде шахмат жана шашки ойноого аргасыз. Мектептин директору спорт зал куруу үчүн атайын эл аралык гранттар жазылып жатканынмаалымдады.image Мектептин дене-тарбия мугалими Хасан Эгембердиев сабак өтүү аба ырайына көз каранды экендигин маалымдады.»Аба ырайы жаман болгондо, жаан жааганда, кыш мезгилинде класста шахмат, шашки ойноо менен өткөрөбүз», — дейт дене-тарбия мугалими.image 9-классынын окуучусу Айсулуу Эркинбекова күн ачыкта гана спорт аянтчада сабак өтүшөөрүн айтып берди.»Биз дене-тарбия сабагын күн ачык кездерде спорт аянтчасында футбол жана волейбол ойнойбуз», — дейт окуучу кыз.image Мектеп директору Давлет Омурзакова спорт зал куруу үчүн гранттар жазылып жатканын айтып өттү. «ЮНЕСКО доолбору менен биргеликте германский грантка проект жазганбыз, эгер ошол өтүп калса спорт зал түшөт», — деп директор кошумчалады.image Авторлор: Диана Турсунбаева жана Хасан Эгембердиев