“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Таланттуу ооз комузчу

Эмилбекова Бегимай 2014 жылдын №17 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү.Жаш кезинен ооз комуз менен ойноп, ар түрдүү конкурстарга катышып келет.

Эмилбекова Бегимай үчүнчү классында ооз комузду биринчи жолу колуна алып, сегизинчи классынан баштап ооз комуздун күүсүн элге угузуп келе жатат.
Ооз комузду тай эжеси үйрөткөн.

image

Окуучу кыз ооз комуз менен көптөгөн күүнү ойногонду билет,өзүнүн ооз комузу менен чыгарган күүсү ,,Кыргыз көчүнүн элестеринен» — деген күү.

image

Райондон жана Областан биринчи орундарды алып көптөгөн  сыйлыктардын ээси болгон.

Автору: Каныбекова Эльзира.